Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.08.2015 14:00

Фото - Караколдо малинанын 1 кг 300 сомго бааланып, 4 кг келген кичинекей чакасы 1200 сомдон сатылууда

Turmush -  Каракол шаарында учурда жергиликтүү шартта өстүрүлгөн малинанын 1 кг 300 сомго бааланып, 4 кг келген кичинекей чакасы 1200 сомдон сатылууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаарда малина сатуу менен алектенген Зина Самсалиеванын айтымында, быйыл күн ысык болгондуктан жер жемиштер тез бышып кетти.

«Малинанын 4 килограммдык чакасын 300-400 сомдон сатып баштаганбыз. Азыр анын баасы 1200-1300 сомго жетти. Бирок кардарлар баасынын кымбат болгондугуна карабай сатып алууда», - дейт соодагер.

Эске салсак, былтыр, 2014-жылы бул мезгилде Каракол шаарында малинанын 1 кг 150 сомдон сатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×