Turmush — «Адамдардын жансыз денелери тоодо сак болуу керектигин дагы бир ирет эскертет. Бирок, жыл сайын чокуга чыккандардын саны көбөйүүдө. Демек, көз жумгандардын саны да көбөйөт. Кадимки жашоодо туура келбеген нерсе мындай бийиктикте кадимки эле көрүнүш». Александр Абрамов, СССРдин альпинизм боюнча спорт чебери.
Эверестте альпинисттер тобу ар кайсы жерде тоңуп жаткан адамдардын жанынан өтүшөт. Алардын айрымдары үзүлүп түшүп кетип, сөөктөрүн сындырып алышса, кээ бирлеринин алы кетип, акыры тоңуп калышкан. Жалпысынан тоонун бетинде 150-200 альпинист түбөлүккө сакталып калган.
Деңиз деңгээлинен 8000 метр бийиктикте «адамгерчилик» түшүнүгү башкача кабыл алынат. Мындай жерде бирөөнүн өмүрүн сактоо, бирөөгө жардам берүү барынын колунан келе бербейт.
Аталган чокуга чыгып, кайтпай калгандардын статистикасын жүргүзгөн эч ким жок. Ал жерге негизинен 3-5 адамдан турган топ менен чыгышып, 25 миң доллардан - 60 миң долларга чейин каражат сарпташат. Айрымдары өмүрүн да кыйып алышат.
Жордж Меллори Эверест чокусун алгачкылардан болуп багынткан деп эсептелет. Ал 1924-жылы шериги Ирвинг менен чокуну багындырууга аттанышкан. Аларды акыркы жолу чокуга болгону 150 метр бийиктик калганда дүрбүдөн көрүшкөн. Алар кайтпай калышкан. 1999-жылы 8290 метр бийиктикте башка альпинисттердин тобу акыркы 5-10 жылда көз жумгандардын арасынан Мэллоринин сөөгүн табышкан. Ал көмкөрөсүнөн жаткан. Оодарып карашканда көзү жабык болгон. Демек, ал кокусунан каза тапкан эмес: кулап кетип көз жумгандардын көзү ачык бойдон калат. Аны жерге алып түшпөстөн, ошол эле жерге көмүшкөн. Ал эми анын жолдошу Ирвинг табылбай калган.
«Эмне үчүн Эверестке бара жатасыз?» - деген суроого Жордж Мэллори «анткени ал бар» деп жооп берген.
Эверестке чыгуу
Катуу шамалдан кийинки лагерь
Англиялык альпинист Дэвид Шарп көз жумган жер
Дэвид Шарп акырындап тоңуп бара жатканда анын жанынан 40ка жакын альпинисттер өтүшкөн. Ал кезде Шарп кол булгалап, кобураганга алы келип турган. Бирок, алардын бирөө да токтоп, жардам берүү үчүн кайрылган эмес.
Эверестте куткаруу иштери
Транспорттоштуруу
Эвересттин бети
Үшүккө алдыруу Эвересттеги эң минималдуу жоготуу.
1998-жылы май айында жубайлар Сергей Арсентьев жана Френсис Дистефано тоңуп көз жумган.
Шерптер иш үстүндө
Тоңуп калган шерп
Шамал менен кардын таасиринен дененин кийим менен жабылбаган жерлери сөөгүнө чейин оюлуп, сөөк канчалык эски болсо, ошончолук анын эти аз калат. Өлүп калган альпинисттерди эч ким эвакуациялай албайт. Тик учак да мындай бийиктикке көтөрүлө албайт. Ал эми, 50 килограммдан 100 килограммга чейинки салмактагы жүктү көтөрүп түшүүчү альтруист табыла элек. Ошентип көмүлбөгөн альпинисттер Эвересттин бетинде жатканы жаткан.