Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 22.01.2014 15:16

Ысык-Көлдө мал уурдоо кылмыштары 4 млн 836 миң сом зыян алып келди

Turmush -  Ысык-Көл областында 2013-жылы мал уурулукка байланыштуу 140 кылмыш иши тергелген. Алардын ичинен 107 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралу ОИИБдин басма cөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

С.Усубакуновдун айтымында, бул 2012-жылга салыштырмалуу 1,4%га көп.

«Материалдык чыгым 4 мл 836 миң сомду түзгөн. Анын 3млн 273 миң сому кайтарылып берилди. Бардыгы болуп 288 баш маал жоголуп, анын 215 башы ээсине кайтарылып берилген. Мал уурулук менен алектенген 16 топ кармалган. Мал уурулуктун негизги себептери болуп ээсинин малга болгон кайдыгерлиги эсептелет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×