Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 22.01.2014 13:38

Ысык-Көл областында белгилүү уюшкан топтордун 14 мүчөсү кармалды

Turmush -  Ысык-Көл областында 2013-жылы 15 ар кандай кылмыш кылган топтордун 14 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

С.Усубакуновдун айтымында, 15 кылмыштын ичинен адам өлтүрүү - 1, мажбурлап буюмун тартып алуу - 2 (вымогательство), талаптоноо - 2, көз боемоочулук - 2, бейбаштык - 1, ден солугуна зыян келтирүү - 1, уруулук -1, банги зат боюнча кылмыш иштери - 5.

Кармалгандардын арасынан 10 адам К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, анын экөөсү Абакировдун, экөөсүА.Анапияевдин жана бирөөсү А.Батукаевдин тобунан болгон.

Аларга карата козголгон 15 кылмыш ишинин 10у сотко жөнөтүлүп, бешөө боюнча соттун чечими чыккан. 1 кылмыш иши эки тараптын келишүүсүнүн негизинде токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×