Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.01.2014 13:07

Балыкчыда өспүрүмдөргө чылым, арак саткан дүкөн ээлерине айып салынды

Turmush -  Балыкчы шаарында жаш өспүрүмдөрдүн ичкилик ичүүгө, тартип бузууга, кылмыш жасоого баруусун алдын алуу максатында шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан атайын рейд жүргүзүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бул иш-чара шаардык ИИБдин өспүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн жана мектеп администрациясы, ата-энелер комитети менен бирдикте уюштурулган.

Рейддин катышуучулары шаардагы соода тармактарын кыдырышып, жаш балдарга спирт ичимдигин сатуу фактыларын аныкташты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Фрунзе көчөсүндөгү «Дасторкон» жана «Айжан» дүкөндөрүндө өспүрүмдөргө ачык эле чылым, арак сатуу учурлары болгонуна күбө болушту.

Текшерүүчү топ тарабынан мыйзам бузган дүкөндөрдүн ээлерине карата протокол түзүлүп, айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×