Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.08.2015 15:36

Караколдо акыркы 6 айдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке 734 миң сом түшпөй калды

Turmush -  Караколдо 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджет аткарылбай калды. Бул тууралуу Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2015-жылдын январь-июнь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда маалымдалды.

Каракол шаардык салык кызматынын берген отчету боюнча жергиликтүү бюджет 99%га аткарылды, план бюонча 76 млн 842 миң 200 сом каралып, иш жүзүндө 76 млн 108 миң 300 сомду түздү. Маалым болгондой, 733 миң 900 сом түшпөй калган.

Жер салыгы жана 4 топтогу мүлк салыктарынын (транспорттук салык) төлөө убактысынын келе электиги жергиликтүү бюджеттин аткарылбай калышына себеп болду.

«2015-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке коюлган план 100% аткарылат», - деп билдирет салык кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×