Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.08.2015 15:29

Ысык-Көлдө 7 ишкананын өндүрүшүнө суроо-талап жоктугунан тиешелүү деңгээлде иштей алган жок

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 7 өндүрүштүк ишкана өнөр жай продукциясынын өсүү темпин аткара алган жок. Бул тууралуу Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ушул жылдын I жарым жылдыктагы отчетунда маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Отчетто билдирилгендей, акыркы 6 ай аралыгында 9 ишкана өз деңгээлинде иштеп, 7 өндүрүштүк ишкана продукциясынын өсүү темпин аткара алган жок.

«Садус» жоопкерчилиги чектелген коому, УПП ишканасы, «Полиграф печать» ЖЧКсы былтыркы, 2014-жылга салыштырмалуу буюртманын аз түшкөндүгүнө байланыштуу өсүү темпин аткара алган жок.

«Спиртзавод» мамлекеттик ишканасында спирт чыгаруучу сырьенун жана товарга болгон суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу өндүрүүнүн көлөмү былтыркы, 2014-жылдагы өндүрүш көлөмүнө жетпей калган.

«Ун-Лайн» жоопкерчилиги чектелген коому товарды өткөрүүдөгү көйгөйлөр, ага болгон суроо-талап жоктугунан улам жана атаандыштыкка туруштук бере албагандыгынан улам ишин токтотту.

«Фаир» ЖЧКсы сырьего болгон баалардын кымбаттагандыгына жана чыгарылган продукциянын сатылышы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу өсүү темпин аткара алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×