Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.07.2015 13:36

Ысык-Көл облусунда 8 ири ишкананын жумушу токтоп турат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында бүгүнкү күндө 8 ири ишкана иштетилбей турат, деп билдирет облустук администрациядан Turmush басылмасынын кабарчысына.

Алар: Каракол шаарындагы Электрдик техникалык завод, «Ун-Лайн» ишканасы, Балыкчы шаарындагы эт комбинат, «Кыргызспецпром», «Кайзер-Фут-Веар», «Текстайл-Милениум», «Ысык-Көл курулуш материалдары» заводу, ошондой эле Тоңдогу «КЭТЗ» ири ишканасы.

Ушул жылдын 6 ай аралыгында 3 жаңы ири ишкана түзүлүп иштетүүгө берилди. Алар: «Балыкчы арагы» жоопкерчилиги чектелген коому, Тоң районундагы «Ак бермет» сүт комбинаты жана Ысык-Көл облусундагы асфальт, бетон заводу.

Мындан сырткары 24 кичи жана орто ишканалар ишке кирип, облустагы 287 жумушсуз жарандар жумуш менен камсыздалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×