Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 30.07.2015 18:01

Жети-Өгүздө өрүктүн баасы көтөрүлө баштады (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда өрүктүн баасы көтөрүлө баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жети-Өгүз айылынын тургундары маалымдагандай, өрүк жаңы быша баштаганда 1 кг 40 сомдон сатылган.

«Ортодо өрүктүн баасы төмөндөп, азыр кайра көтөрүлүп жатат. Быйыл алармандар өткөн, 2014-жылга салыштырмалуу кеч келгендиктен түшүмдүн басымдуу бөлүгү бышып кеткен. Айыл эли калган өрүгүн сатып, кирешесин толуктап жатат», - дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×