Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.05.2015 13:07

Балыкчы шаарында жаңы курулуп жаткан бала бакчанын оӊдоп-түзөө иштери 2 жылдан бери бүтпөй келет, - мэрия

Turmush -  Балыкчы шаарындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчанын оӊдоп-түзөө иштери эки жылдан бери бүтпөй келет. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясы маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду эки жылдай мурун 5 млн 300 миң сомго тендер жарыялап, мурдагы Балдарды реабилитациялоо борборун бала бакча кылып, курдурта баштаган. Курулуш иштерин «Азия Сервис ЛТД» аткарып жаткан. Бирок бала бакчанын ремонту эртеӊ , бүгүн деген шылтоолор менен ушу күнгө чейин бүтпөй келет, дейт мэрия жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×