Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 22.05.2015 13:15

Каракол шаарында «Жыл мугалими» кароо сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Каракол шаарында «Жыл мугалими» кароо сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Алардын маалыматында, Каракол шаарынын мектептеринин мугалимдеринин арасында өткөрүлгөн «Жыл мугалими» кароо-сынагына 12 мугалим катышты. Кароо-сынактын катышуучулары билими, окуткан сабактары, окуучулар менен иштөө боюнча жана сахна өнөрлөрүн көрсөтүү боюнча ат салышты. Финалга чыгышкан мугалимдер татаал тапшырмаларды аткарып, арасынан мыктылары тандалып, жеӊүүчү аталышты.

Натыйжада шаардын №3 мектебинин мугалими Светлана Жирнова, №4 мектебинин мугалимдери «Жыл мугалими» наамына ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×