Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 15.05.2015 17:03

Балыкчы шаарындагы «Жомок» балдар бакчасы өзүнүн 50 жылдыгын белгиледи

Turmush -  Балык шаарындагы «Жомок» балдар бакчасы кечээ, 14-майда өзүнүн 50 жылдыгын белгиледи, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бала бакчада майрамдык иш-чара өткөрүлүп, тарбиячы жана тарбиялануучу бөбөктөр тарабынан даярдалган программа тартууланды.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Меймандар бала бакчанын жамаатына өз куттуктоолорун билдирип, майрамдары менен куттукташты.

Аягында чакан концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×