Кара-Буура районунун Бакыян айылындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектептин тарыхчы мугалими Батмажан Байымбетова 1986-жылдан бери улуттук мураскана түптөө менен алектенет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 1984-жылы жогорку окуу жайын аяктап келгенден кийин эмгек жолун дал ушул музейге экспонат чогултуу менен баштаган.
«Мектептин ичинде улуттук мураскана деп аталган музейде азыркы тапта 1500дөн ашуун экспонаттар бар. Мындагы экспонаттарды бир нече кыйынчылыктар менен чогултуп, музейди түздүм», - деди Батма Байымбетова.
Улуттук мурасканада 4 канат боз үй дагы тигилип, анын ичи кыргыздын салт-санаасына жараша жасалгаланган. Боз үйдө аялзатына, мырзаларга тиешелүү буюмдар, кийимдер коюлган. Улуттук мурасканадагы тарыхый буюмдар окуучулардын тарыхка кызыгуусуна өбөлгө болуп келет.