Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.04.2015 18:00

Ысык-Көл облусунда 21-кылымдын жаш интеллектуалдары ойлоп табуучулук боюнча күч сынашып жатышат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 21-кылымдын интеллектуалдары кароо-сынагы өтүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык балдардын билим борборунан маалымдашты.

Алардын маалыматында, бул жолу интеллектуалдык кароо-сынакка Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жаш конструктор - ойлоп чыгаруучулары катышты. Ар бир райондун мектеп окуучулары өздөрү жасап алып келген жабдууларын, техникаларын комиссиянын сынына коюшту.

Кароо-сынакта жыгач, темир, кагаздан жасалган конструкциялар, көл алындагы маданият үйү, картошка тазалоочу комбайн, электр сокбилеги, альтернативдүү энергияны колдонуу сыяктуу балдардын эмгектери сынакка коюлду.

Кароо-сынак 23-апрелде жыйынтыкталат. Жеӊишке ээ болгондор Талас шаарында өтүүчү республикалык кароо-сынакка жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×