Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.02.2014 13:44

Саруулуктар менен айдоочулардын жолугушуусу уруш менен коштолду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кызыл-Суу айылындагы автобазада жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук автобустун айдоочулары менен Саруу айылынын жашоочуларынын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Акырында эки тараптын ортосунда мушташууга аз калган кайым айтышуу болду. Милициянын кызматкерлери жана айдоочулардын бир бөлүгү аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кырдаалды токтотту, деп айтылат ОИИБ басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×