Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу 17.03.2015 16:00

Ысык-Көлдө кургак учукка күрөшүү айлыгынын алкагында студенттер арасында массалык чуркоо жана флеш-моб уюштурулат

Turmush -  Ысык-Көлоблусунда кургак учук менен күрөшүү айлыгы жарыя кылынып, иш пландар белгиленди. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн маалымдады.

Алардын маалыматына караганда, эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү күчөтүү максатында, калктын кургак учуктун жугушу жана андан сактануу жолдору боюнча билим деӊгээлин жогорулатуу үчүн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан 24-март - «Кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү» деп жарыяланган.

Ага ылайык Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 2015-жылдын 5-мартынан 5-апрелине чейин облустун аймагында кургак учук менен күрөшүү айлыгы жарыяланды.

Кургак учук менен күрөшүүнүн алкагында 2015-жыл ичинде саламаттык сактоо мекемелери менен бирдикте кургак учуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Ал эми март айынан тарта тармактык мекемелерде дубал гезиттер жана санитардык бюллетеньдер чыгарылууда, дарыгерлер менен семинарлар өткөрүлүүдө.

Ошону менен катар бардык район, шаарлардын аймагында кургак учук менен ооруган муктаж адамдарга даректүү материалдык жардам көрсөтүлө баштады.

Кургак учук менен күрөшүү айлыгы жарыяланган мезгил аралыгында «Кургак учук менен күрөшүү маселелери жана аны чечүү» аттуу тегерек үстөл өткөрүү, студенттер арасында массалык чуркоо, флеш-моб уюштуруу, ЖМКларда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча материалдарды кеӊири чагылдыруу милдеттери каралган. Ал эми мектептерде «Кургак учук балдардын көзү менен» аттуу сүрөт жана дубал гезиттердин көргөзмөсү өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×