Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 12.03.2015 13:40

Түптүн Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн мектебинде ысык тамак бериле баштады

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүндө караштуу Өмүр Баатыр орто мектебинде 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучуларына март айынан баштап ысык тамак бериле баштады. Бул туралуу аталган айыл өкмөтүнөн билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ысык тамак 250 балага берилүүдө. Мектепте жалпысынан 450 окуучу билим алат.

Ысык тамак берүү Билим берүү жана саламаттык сактоо министрлиги, ошондой эле, ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×