Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу 02.03.2015 15:48

Ысык-Көл облусунан республикалык олимпиадага 34 окуучу барат

Turmush -  Ысык-Көл областынан 27-28-март күнү өтүүчү Республикалык олимпиадага 34 окуучу катышат. Бул тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Алмаз Эсенаманов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, олимпиадага катышчуулардын ичинен алтоосу Каракол шаарынын мектеп окуучулары болушат. «Негизи окуучулар бардык сабактар боюнча барышат», - дейт А.Эсенаманов.
Айта кетсек, бул окуучулар областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрү. Олимпиада 10 предмет боюнча өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×