Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 27.02.2015 12:56

Тоң районуна эт комбинатын ачуу керек, - аким Б.Рыспаев

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жергиликтүү калктын негизги иши мал чарбачылыгы менен байланыштуу болгондуктан, анын этин сатууга районго эт комбинаты ачылыш керек. Бул тууралуу райондун акими Бакыт Рыспаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Б.Рыспаевдин айтымында, этти кайра иштетүүчү кичи цех ачуу үчүн учурда долбоор жазылып жатат.

«Түштүк Кореянын институту менен келишим түзүлүп, этти кайра иштетүүчү цех, күнөсканалар, бак өстүрүү боюнча 3 долбоор өткөрүп жатабыз», - дейт ал.

Эгер этти кайра иштетүүчү кичи цехи ачылса, анда малдардын эттери текшерилип, аларга сертификат берилмек.

«Анда бизде этти чет өлкөгө сатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×