Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.02.2015 10:57

Караколдогу Пристань-Пржевальск аймагындагы №7 орто мектептин 60 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагында 21-февраль күнү №7 орто мектептин 60 жылдык мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Берилген маалыматка караганда, бул мааракеге Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Автандил Абдыкадыров, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева, областтык билим берүү институтунун башчысынын орун басары Тамара Мамырова, «Российские соотечесвенники Иссык-Куля» коомдук бирикмесинин төрагасы Александр Устимов, Пристань территориалдык аймагынын башчысынын орун басары Танарыкова Асель, ардагерлер кеңешинин төрайымы Неля Егорова, мектептин эң биринчи бүтүрүүчүлөрү Алексей Коновченко, Лариса Костенко жана Н.Пржевальскийдин мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Жумакан Мамбетова куттукташып, аларга ардак грамоталар жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×