Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 21.02.2015 12:04

Тоңдун Токтоян айылына 45 млн сом бөлүнүп, жаңы мектеп курулууда

Turmush -  imageЫсык-Көл облусунун Тоң районундагы Токтоян айылында жаңы мектептин курулушунун башталганына бир ай болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Г.Нуркасым кызы жана Т.Кыдыров маалымдашты, деп билдирет «Ассоциация общинных СМИ».

Айыл башчысы Атабек Албановдун берген маалыматына таянсак, мектептин курулуш иштерине мамлекет тарабынан 45 млн сом бөлүнүп берилген. Мектептин ордун түздөп казганга 2 млн сом жумшалган.

Ошондой эле, окуучулар жаңы мектеп курулуп жатканына кубанычта. Алардын сүйүнүчүнө чек жок.

«Жаңы мектеп эки кабаттуу болуп, ичинде лабораториялык кабинеттер, спорт зал салынат деп жатышат. Мектебибиз эртерээк салынып бүтсө экен», - дейт 10-класстын окуучусу Мадина Асанова.

Салынып жаткан мектеп шаардын мектептериндей болот, деп элестетем, дейт 3-класстын окуучусу Акбермет Алиева.

«Мектептин ичинде чоң китепкана, чоң-чоң класстар болуп, ичи таза, жарык жана жылуу, бардык шарты менен болот деп ойлойм», - дейт ал.

Ал эми, кыргыз тили мугалими жаңы мектептин салынышы окуучуларга жакшы шарт түзүп берерин айтты.

«Азыркы окуп жаткан мектебибизде класстар жетишпейт. Эки смен менен окуйбуз. Мектептин биздин айылга салынып жатканы чоң сыймык», - дейт Канат Асанакунов.

Мектеп 1958-жылы курулган. Аймактагы эң эски мектеп болуп саналат.

«Эки чоң жер титирөөгө учураган. Жаңы мектепте лабораториялык кабинеттер, актовый зал, ашкана ошону менен бирге спорт зал курулганы турат», - деп билдирди мектептин директору Калык Албанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×