Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 18.02.2015 17:17

Тоң районунун жашоочулары «Айыл банктан» насыя кеч берилип жатканына нааразы

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынын тургундары «Айыл банктын» насыя берүү мөөнөтүнө нааразы экендигин Ак-Өлөң айылынын тургуну Рыспбек Арыков, облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен жолугушуусунда билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын билдирүүсүнө караганда, банк айыл чарба жумуштарына бериле турчу насыяны март айында гана бере баштайт. Бул убакыт жер иштетүүчүлөр үчүн өтө кеч убакыт болуп, жардам бере албайт.

«Мартка чейин биз буудай, арпа, картошканын үрөнүн сатып алышыбыз керек. Кредиттер болсо март айында гана берилет экен. Ал убакта үрөндөр кымбат болуп калат да. Ошентип бизди алар ашыкча чыгымга түртүп жатат. Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан, түшүмдү жыйналгандан кийин каралыш керек. Ал учурда биз үрөндү кайдан, кантип, канчалык өлчөмдө сатып алууну билип калабыз. Ошондой эле, солярка менен да байланыштуу маселелер бар. Азыр ал арзан, бирок он күндөн кийин кайра дароо кымбаттай баштайт», - деп билдирди Р.Арыков «Айыл банктын» өкүлүнө, жазгы талаа иштерине болгон пландары менен бөлүшүп жатып.

Р.Арыковдун пикирин айылдаштарынын көбү колдошуп, Э.Каптагаевдин бул маселеге көңүл буруусун сурана кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×